Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-октябры № 2
Табигый кырсыкка душар болгон кайра болуштуруу фонд жерлерин ижара акыларын бекер кылуу жөнүндө
2012-жылдын 7-8-июнь күндөрү болгон, 2012-жылдын 24- июнь күнү, 25-июнь күнү болгон табыгый кырсыктын натыйжасында жапа тарткан кайра бөлүштүрүү фонд жерлери эсебиндеги 5.40 га көп жылдык бакт–даракт жерлердеги 9335 сомдук ижара акылары, 2.98 га сугат айдоо жердеги 22960 сомдук бардыгы бөлүп 32295 сомдук ижара акылары бекер кылуу боюнча даярдалган иш каздарды (иш кагаздар тиркелет) карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 7-8-июнь күндөрү болгон, 2012-жылдын 24- июнь күнү, 25-июнь күнү болгон табыгый кырсыктын натыйжасында жапа тарткан кайра бөлүштүрүү фондусу жерлери эсебиндеги 5.40 га көп жылдык бакт–даракт жерлердеги 9335 сомдук ижара акылары, 2.98 га сугат айдоо жердеги 22960 сомдук бардыгы бөлүп 32295 сомдук ижара акылары ижарачылардын зыян тарткандыгын эсепке алып ижара акылары бекер кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык округдун агрардык бөлүмүнүн башчысы Э Эргашовго жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы М Махмудовдорго тапшырылсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Ноокат айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Худайназаров |