Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 123
Жаштар арасында иш алып баруу боюнча шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы С.Жунусбаевдин жаштар арасында иш алып баруу боюнча шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы С.Жунусбаевдин жаштар арасында иш алып баруу боюнча шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын жана шардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2.Шаардык жаштар иштери боюнча комитетине (С.Жунусбаев) аймактык кеңештер, укук коргоо органдары, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте жаштар арасында жаштардын ден соолугун бекемдөө;
- бангилик, ВИЧ-СПИД илдеттеринин ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу;
- үй-бүлө куруу жана укуктук билимдерин жогорулатуу;
- жаштарды эмгек рыногунда чоң суроо-талапка ээ болгон жумушчу адистиктерге багытоо боюнча түщүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
3.Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):
- шаардык жаштар иштери боюнча комитетин иштөөгө нормалдуу шарттары бар жай менен камсыздоо;
- шаарда жайгашкан мамлекеттик мекеме-ишканаларда жаштар комитеттерин түзүүнү уюштуруу;
- шаардын мектептеринде, орто жана жогорку окуу жайларында жаштарды
сергек жашоого үндөө, үй-бүлө күтүүгө даярдоо жана аларга кесип тандоодо туура багыт берүү боюнча атайын сабактарды уюштурууну, аймактык кеңештерде жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыздоо;
- жаштарга турак-жай жана турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу тапшырылсын.
4. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мырзаматов) тиешелүү кызматтар менен биргеликте шаардагы кафелерде, ресторандарда жана башка жеке менчик ишканаларда иштеп жатышкан жаштардын эмгек укуктары жана кызыкчылыктары сакталып жаткандыгын текшерип чыгуу тапшырылсын.
5.Ош шаарында жайгашкан бейөкмөт уюмдарга жаштар жаатында өткөрүлүп жаткан иш чаралары тууралуу шаардык жаштар иштери боюнча комитетке ар бир кварталда маалымат берип туруу сунушталсын.
6.Токтом мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана массалык маалымдоо каражаттарында басылып чыксын.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |