Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 124
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Араван, Кара-Суу, жана Ноокат райондор аралык башкармалыгы» тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш планына ылайык «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондор аралык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү» маалыматты карап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 22-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондор аралык башкармалыгынын башчысы сессияга катышпай калгандыгына байланыштуу, аталган маселе депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна калтырылсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |