Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 125
«Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобону бекитүү
Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 23-сентябрндагы «Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» Жобону бекитип берүү жөнүндөгү 350/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жылдын 26-сентябрындагы №24-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутатардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобо депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XI сессиясынын кароосуна калтырылсан.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) «Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобону кайрадан иштеп чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XI сессиясынын кароосуна сунуштоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |