Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 126
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаардык мэриясынан, Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жылдын 11-июлундагы №12, 2013-жылдын 15-августундагы №13 жана 2013-жылдын 6-сентябрындагы №14-токтомдорун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык жол башкармалыгынын 2013-жылдагы титулдук баракчасындагы Ак-Буура дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн куруу иштерине каралган каражаттын эсебинен Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкан «Жапалак» унаа базарынын курулуш иштерине 10,0 млн. сом акча каражатын Ош шаардык курулуш башкармалыгына, ошондой эле Ош шаарында жайгашкан Алай-1, Алай-2, Горная поляна-1, Горная поляна-2, Тюлпан (Эдельвейс), Вишенка дача участкаларынын башкы пландары шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы тарабынан даярдалып бүткөндүгүнө байланыштуу кеткен чыгымдарды төлөп берүү үчүн 1 500,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаардык жол башкармалыгынын 2013-жылдагы титулдук баракчасындагы Ак-Буура дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн куруу иштерине каралган каражаттын эсебинен 2500,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын конференц залына мебель-эмеректерин сатып алууга жана 70,0 миң сом акча каражатын Джим көчөсүндөгү «Чынар» эс алуу багын электр менен камсыз кылуу иштерине бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кайтарым мөөнөтү 2013-жылдын аягына чейин Ош шаардык «А.Сүйүнбаев» атындагы стадиондун ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө керектелүүчү 1240,0 миң сом акча каражатын кайтарымдуу ссуда түрүндө бөлүп берүүгө макулдук брилсин.
4. Ош шаары менен Новосибирск шаарларынын боордош шаарлар катары Новосибирск шаарындагы Кыргыз улуттук маданий борборуна Кыргыз үйүн сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин жана бул акча каражатынын каржы булагын таап каржылоо жагы Ош шаардык мэриясына сунушталсын.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы гезитине жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |