Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 127
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги III сессиясында кабыл алынган №13-токтомдун№1 -тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаардык прокуратурасынын 2013-жылдын 16-сентябрындагы №11-7д-74213 сандуу, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги №13-токтомуна протест жарыялоо жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жылдын 27-сентябрындагы №15-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү токтомунун №1-тиркемесиндеги 5 жылга ссуда катары жана 5 жылга узартууга деген сөздөр 1 жылга ссуда катары жана 1 жылга узартууга деген сөздөр менен өзгөртүлүп, төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
-2200,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык парктар башкармалыгына, Кытай Республикасынын алынган аттракциондордун бажы төлөмдөрүн жана НДС салыгын жоюу боюнча 1 жылга ссуда катары берүүгө жана 2011-жылда аталган башкармалыкка аттракциондорду сатып алууга берилген 10,0 млн. сом ссуданын кайтаруу мөөнөтүн 1 жылга узартууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы гезитине жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |