Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 129
Тилеке Баатыр жана Кара-Суу көчөлөрүнүн А.Навои көчөсү менен кесилишкен аймагын «Ак-Буура» дарыясынын жээгине жылдыруу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 18-сентябрындагы Тилеке Баатыр (Ак-Буура) жана Кара-Суу көчөлөрүнүн А.Навои көчөсү менен кесилишкен аймагын «Ак-Буура» дарыясынын жээгине жылдыруу жөнүндөгү 337/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 23-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилеке Баатыр жана Кара-Суу көчөлөрүнүн А.Навои көчөсү менен кесилишкен аймагын “Ак-Буура” дарыясынын жээгине жылдырууга макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (Мырзакматов М.Ж.) Тилеке Баатыр жана Кара-Суу көчөлөрүнүн А.Навои көчөсү менен кесилишкен аймагын “Ак-Буура” дарыясынын жээгине жылдыруу боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |