Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 130
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 17-октябрындагы №231-Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык 2014-жылдын 1-январынан тартып 1,2,3,4-топтогу мүлк обьектери боюнча мүлк салыгын жана жер салыктарын Ош шаарынын аймагында колдонууга киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2013-жылдын 31-июлундагы №037/255-Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 17-октябрындагы №231-Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык 2014-жылдын 1-январынан тартып 1,2,3,4-топтогу мүлк обьектери боюнча мүлк салыгын жана жер салыктарын киргизүү жергиликтүү Кеңештер тарабынан ишке ашырылат деген нормага ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн милдеттемелерин өз убагында аткаруу максатында иш-чара кабыл алуу жүнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 6-сентябрындагы №14-токтомун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 17-октябрындагы №231-Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык 2014-жылдын 1-январынан тартып 1,2,3,4-топтогу мүлк обьектери боюнча мүлк салыгын жана жер салыктарын Ош шаарынын аймагында колдонууга киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын.
3. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына (Ж.Бакиров) жогорудагы салык түрлөрү боюнча шаардык массалык маалымат каражаттары аркылуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |