Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-ноябры № 132
Ош шаардык Кеңешинин депутаты Ходжинаби Ишматовдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(Сурамжылоо жолу менен)
“Улуттар биримдиги” фракциясынын лидери Р.Мирзаматовдун 2013-жылдын 1-ноябрындагы кайрылуу катынын, депутат Ходжинаби Ишматовдун 2013-жылдын 25-октябрындагы №163-каза болгондугу жөнүндөгү күбөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесине ылайык депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Улуттар биримдиги” партиясынан Ош шаардык Кеңешине депутат Ходжинаби Ишматовдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Токтом Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |