Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № III-1
Ноокат шаар мэриясынын 2012-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы ички жолдорду ондоо боюнча Ноокат шаарынын тургундарынын демилгеси менен жыл сайын көчөлөргө асфальт бастырууга шаардын тургундары тарабынан жакшы көнүл бурулуп, өз ара акча топтошуп, колунда бар ишкерлер демөөрчүлүк кылып, жардамдардарын берип жатышат. Ноокат шаарынын мэриясынын 2012-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар Маала көчөсү, XXV Партсъезд жана Тапвалдиев көчөлөрүнүн жашоочулары тарабынан жолго асфальтто үчүн бир топ иш аткарылганынын эсепке алып, Ноокат шаар мэриясынын 2012-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 7368,5 миң сом акча каражаты түзүлгөн локалдык сметанын негизинде көчө-көчөлөрга ажыратылып берилсин.
2. Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № XXX-1 токтомунда каралган А.Туланов көчөсүнө трансформатор сатып алуу үчүн 130 ,0 миң сом акча каражаты ажыратылган, бирок ушул акча каражаты 2012 -жылы аткарылбай калгандыгы үчүн 2012-жылдын жыйынтыгы менен түшкөн акча каражаты эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № XXX-1 токтомунда каралган Тапвалдиев көчөсүнө трансформатор ондоо үчүн 21 ,0 миң сом акча каражаты ажыратылган, бирок ушул акча каражаты 2012-жылы аткарылбай калгандыгы үчүн 2012-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаты эсебинен ажыратылып берилсин.
4. Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № XXX-1 токтомунда каралган Б.Абдраимов көчөсүнөдөгү эски трансформаторду жылдыруу үчүн ошондой эле түнкү жарык берүүнү жакшыртууга жана светофор үчүн жаңы трансформатор алууга 550 ,0 миң сом акча каражаты ажыратылган, бирок ушул акча каражаты 2012-жылы аткарылбай калгандыгы үчүн 2012-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаты эсебинен ажыратылып берилсин.
5. Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № XXX-1 токтомунда каралган Жуков көчөсүнө столбаларды алмаштыруу үчүн 25 ,0 миң сом ажыратылган, бирок ушул акча каражаты 2012-жылы аткарылбай калгандыгы үчүн 2012-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаты эсебинен ажыратылып берилсин.
6. Бардык жогоруда ажыратылган 8094,5 миң сом акча каражаты ЖКХ Субсидя статьясына ажыратылсын.
7. Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № XXX-1 токтомунда каралган мектептердын Х.Самиев атындагы орто мектебине 19,4 миң сом, Н.Крупская атындагы орто мектебине 28,1 миң сом, А.Абдуллаев атындагы орто мектебине 20,3 миң сом, У.Салиева атындагы балдар бакчасына 29,0 миң сом, Курманжан Датка атындагы балдар бакчасына 18,0 миң сом акча кражаты, Балапан балдар бакасына 2,0 миң сом, баардыгы болуп 116,8 миң сом акча каражаттары ажыратылган, бирок ушул акча каражаты 2012-жылы аткарылбай калгандыгы үчүн 2012-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаты эсебинен ажыратылып берилсин.
8. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептердин 1-4 класста окуган окуучулар үчүн Республикадан келген акча каражаты 2012-жылы толук аткарылбай калгандыгы үчүн 2012-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаты эсебинен 90,0 миң сом ажыратып берилсин.
9. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептерде иштеген кызматкерлердин эмгек акысы үчүн Республикадан келген акча каражаты 2012-жылы толук аткарылбай калгандыгы үчүн 2012-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаты эсебинен 25,0 миң сом ажыратып берилсин.
10. Ноокат шаардык мэриясынын атайын эсеп счетуна 2012-жылы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын взносун эсебинен түшкөн 54,1 миң сом акча каражатын балдар бакчасындагы балдардын тамак ашын сатып алуу үчүн ажыратылсын.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелеры боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |