Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № III-3
"Укук Профи" ЖЧКга акча каражатын которуп берүү жөнүндө
Ноокат шаар кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдор расмий тилге которулуп, Ош облустук Юстиция башкармалыгына мамлекеттик жана расмий тилде тапшырылат. Шаардык кенештин токтомдору негизинен мамлекеттик тилде кабыл алынгандыктан, аны расмий тилге которууда бир топ убакытты талап кылат жана ал үчүн шаардык кенештин атайын веб-сайты түзүлбөгөн. Шаардык кенеште веб-сайт жоктугунан, расмий тилге которууда адистер жетишсиз болгондуктан "Укук Профи" ЖЧКга акча каражатын которуп берүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы "Укук Профи" ЖЧКсы менен шаардык кенештин токтомдорун расмий тилге которуу, Областтык Юстиция башкармалыгынын веб-сайтына жайгаштыруу жана тапшыруу боюнча 2012-жылдын 9-октябрында түзүлгөн келишим эске алынсын.
2. Ноокат шаардык кеңешинин кабыл алынган токтомдорун расмий тилге которуу үчүн Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы №XXVI-I токтому менен жыл ичинде ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен ар бир расмий тилге которулган токтомго 300 (үч жүз) сомдон, жалпысы болуп 10 500 (он мин беш жуз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Керектүү акча каражаты менен каржылоо Ноокат шаар мэриясынын финансы экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |