Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № III-5
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясын курамына мүчөлүккө талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамын, "Шайлоо комиссияларын тузуунун жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү", " шайлоо комиссияларынын резерпин тузууунун жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү" Жоболордун талаптарына ылайык Ноокат шаардык кенешинин аймагында жайгашкан Х.Холдаров көчөсү 2013-жылдын 17-июнундагы №1, Ленин көчөсү 2013-жылдын 17-июнундагы №1, А.Абдуваитов орто мектебинин 2013-жылдын 17-июнундагы №1, Ноокат "Суу канал" ишканасынын 2013-жылдын 14-июнундагы №1 протоколдорунун негизинде өткөн эмгек жамааттары сунуш кылган Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерлерди талкуулап коруп Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясын курамына мүчөлүккө талапкерлерди сунуш кылган Ноокат шаардык кенешинин аймагында жайгашкан Х.Холдаров көчөсү 2013-жылдын 17-июнундагы №1, Ленин көчөсү 2013-жылдын 17-июнундагы №1, А.Абдуваитов орто мектебинин 2013-жылдын 17-июнундагы №1, Ноокат "Суу канал" ишканасынын 2013-жылдын 14 июнундагы №1 протоколдорун бекитүү менен аталган аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Ноокат шаардык кеңешинин тургундары: Юсупов Шавкат Мамарасулович, Ошурбакиева Клара Нурахуновна, Мурзакулова Махирахон Мамиржановна жана Камалов Замирбек Эсеналиевичтерди талапкеликке сунуш кылынсын.
(Протоколдор жана башка тиешелүү документтер тиркелет)
2. Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |