Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № III-6
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы Бостон кварталынын "Малбазар" участкасына курулуучу ФАП үчүн жазылган проектти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү грантка жазылган проектти колдоо үчүн депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши талкулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазылган проект Ноокат шааардык кеңешинин депутаттары тарабынан толугу менен колдоога алынып бекитилсин.
2. Бекитилген проекттин негизинде Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 10% акча каражаты 330,0 миң сом ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кенешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |