Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № III-7
Ноокат шаар кеңешин Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жөнүндө
Ноокат шаар кеңешин Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар кеңеши Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
2. Ноокат шаардык кеңешинин документтерин даярдап, Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп, штамп, печаттарын алуу жагы Ноокат шаар мэриясынын юристи Ырысбаева Чынара Анваровнага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттардын Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |