Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-июлу № IV-1
Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга шаардык кеңешинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылдын бюджети жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2013-жылга Республиканын бюджети жөнүндөгү мыйзамдын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жыл үчүн иштеп чыгылган бюджеттин долбоорун шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып такталгандыгын, туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга Ноокат шаардык кеңешинин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча 80780,3 миң сом эсебинде бекитилсин.
2. 2013-жылга Ноокат шаардык кеңешинин бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ноокат шаардык кеңешинин бюджетин чыгашалары боюнча багыттар №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Ноокат шаардык кеңешинин бюджетинин чыгаша бөлүгүн 2013-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак аш жана социалдык женилдиктерге) каржылануу белгиленсин.
5. Ноокат шаардык кеңешин 2011-жылдагы бюджетинин кирешелер бөлүгү 54075,7 миң сомго, чыгаша бөлүгү 56497,8 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
6. Шаардык кеңешинин бюджетине Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттардын өлчөмдөрү 2013-жылга билим берүү тармагына каржылоого жумшалсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |