Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-июлу № IV-2
Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдагы атайын эсебиндеги бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдагы атайын эсебиндеги бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылдын атайын эсебиндеги бюджета жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2013-жылга Республиканин атайын эсебиндеги бюджети жөнүндөгү мыйзамдын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жыл үчүн иштеп чыгылган атайын эсебиндеги бюджеттин долбоорун шаардык кеңештин бюджет, финанси, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып такталгандыгын туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттарды Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга Ноокат шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги бюджетин кирешелери жана чыгашалары боюнча 3439,0 мин сом эсебинде бекитилсин.
2. Ноокат шаардык кеңешинин бюджетин чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин кирешелер бөлүгү 2759,2 мин сомго, чыгаша бөлүгү 2769,1 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |