Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-июлу № IV-5
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрында №231 кабыл алынган салык кодексинин 327,339 беренесинин 4 - пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1 жана 12/2 беренелеринин негизинде 2013 жана кийинки жылдар үчүн шаар аймагында айыл -чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу K-1 "Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффицентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 кабыл алынган салык кодексинин 327,339 беренесинин 4 пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1 жана 12/2 беренелеринин негизинде 2013-жыл жана кийинки жылдар үчүн шаар аймагында айыл - чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К -1 "Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффицентин кабыл алуу максатында депутаттардын Ноокат шаардык кецеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-1 "Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр " коэффиценти 1 өлчөмүндө бекитилеин жана 2013-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
2. Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы "мүлк салык" салууда К-2 зоналык коэффициента 1 өлчөмүндө бекитилеин жана 2013-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
3. Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы калктын мекеме-ишканалардын топтогон таштандыларды алып чыгуу жыйымынын ставкалары №1-тиркемесине ылайык бекитилеин жана 2013-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кецешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |