Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-июлу № IV-7
Ноокат шаардык мэриясынын муниципиалдык менчик башкармасынын 2013-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча комиссиясында талкуулап, карап чыгып Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик башкармасынын 2013-жылдагы бюджетин бекитүү боюнча депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын алдында түзүлгөн муниципиалдык менчик башкармасынын мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын жалпы көлөмү 2013-жылга 1059,6 миң сомго бекитилеин.
2. Ноокат шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн муниципиалдык менчик башкармасынын 2013-жыл га бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 345,1 миң сом эсебинде бекитилеин.
3. Муниципиалдык менчик башкармасынын жаныдан түзүлгөн штаттык тартиби жана 2013-жылдын жылдыгына карата чыгашалар сметасы бекитилеин.
4. Ноокат шаарынын аймагындагы муниципиалдык менчик мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын 35% муниципиалдык менчик башкармасынын ишмердигин алып барууга жумшалсын, ал эми калган 65% шаар мэриясынын эсебине ай сайын которулсун жана кирешени көбөйтүү максатында киреше булактарын табуу муниципиалдык менчик башкармасынын башчысы К.Салановго тапшырылсын.
5. Ноокат шаар мэриясынын башкы эсепчисине ай сайын муниципиалдык менчик башкармасынын финансылык иштери боюнча отчет берип туруу муниципиалдык менчик башкармасынын эсепчиси Р. Коконбаевке милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ноокат шаардык кецешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |