Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-июлу № IV-8
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам көрсөтүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам берүү жагы белгиленсин.
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге 2013- жылдын 1-августунан баштап, 2013-жылдын 31-декабрына чейин ар ай сайын ар бир тарбиячыга 500 сомдон жалпысы болуп 715,0 мин сом акча каражаты жергиликтүү бюждеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |