Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-июлу № IV-9
Ноокат шаарынын 2013-2017-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы жөнүндө
Шаардын экономикалык кубаттуулугун арттыруу максатында жана калктын калың катмарын көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн шаардын аймактарында инвестицияларды тартуу багытында Ноокат шаар мэриясы тарабынан 2013-2017-жылдарга карата шаардын экономикалык өнүгүсүнүн стратегиясы иштелип чыгылды. Шаардын экономикалык өнүгүүсүн бекемдөө үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялоо максатында жана Ноокат шаарынын 2013-2017-жылдарга карата экономиалык өнүгүүсүнүн стратегиясы жөнүндөгү маселени карап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын 2013-2017-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы бекитилеин.(тиркеме тиркелет)
2. Ноокат шаарынын 2013-2017-жылдарга карата бекитилген экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясын керек болгон учурда зарылчылыкка жараша жана ар түрдүү донордук уюмдар, инвесторлор менен иштөөгө жагымдуу шарттарды түзүү максатында кошумча алымчаларды, толуктоолорду ар дайым киргизип туруу Ноокат шаар мэриясынын финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |