Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-июлу № V-2
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Алланазаров, А.Мирмахмудов, Тапвалдиев , С.Алимбаев, XXV партсъезд, Шаар-Маала көчөлөрөндөгү эгилген бак-дарактарды жана теректерди кыркып алууга уруксат берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Алланазаров, А.Мирмахмудов, Тапвалдиев, С.Алимбаев, XXV партсъезд, Шаар-Маалла көчөлөрөндөгү эгилген бак-дарактар жана теректерди кыркууга уруксат берүү жөнүндөгү Ноокат электр тармактары ишканасынын 2013-жылдын 13-июндагы №85 катынын, Ноокат ДЭП-37 ишканасынын 2013-жылдын 14-июлундагы №25 сандуу предписаниясын, Ноокат шаар мэрыясынын 2013-жылдын 11-июлундагы сунуш катын көрүп чыгып, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, электр энергиясын ийгиликтүү өткөрүү жана трансформаторлордун иштеп чыгышын алдын алуу максатында 10 КВ линиялардын астындагы жана 0,4 КВ төмөнкү чыналуудагы электр линияларынын астын бойлоп өскөн бак-дарактарды, теректердин тамырлары асфальт жолду бузуп жаткандыгын ошондой эле, жолдордун четтерине эгилген теректер жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тосколдук жараткандыгын эске алып жаңы төшөлүп жаткан жолду асфальттоо иштерин ийгиликтүү алып баруу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы сунуштарды эске алып жолдордун четтерине эгилген терек жана бак-дарактары жолдун четиндеги тратуарга туш келип калгандыктан, жаңы төшөлүп жаткан жолду асфальтоо иштерин ийгиликтүү алып барууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кыйынчылык келтирип жаткандыгына байланыштуу Ноокат шаарынын аймагындагы А.Алланазаров, А.Мирмахмудов, Тапвалдиев, С.Алимбаев, XXV партсъезд жана Шаар-Маалла көчөлөрүндөгү эгилген бак-дарактарды жана 14-июлундагы №25 сандуу предписаниясынын, Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 11-июлундагы сунуш каттары канаатандырылсын.
2. Кыркылуучу терек жана бак-дарактар тууралуу Ноокат райондук экология бөлүмүнө билдирүү берүү Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы К.Салановко тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |