Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-июлу № V-3
Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июлундагы кезексиз (IV чакырылыш) IV сессиясынын №1 токтомунун субсидья статьясында каралган акча каражатынын эсебинен иштетүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июлундагы Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз (IV чакырылыш) IV сессиясынын №1 токтомунун субсидья статьясында каралган акча каражаты эсебинен Ноокат шаар мэриясынын мэри тарабынан 2013-жылдын 11-июлундагы берилген №272 сунуштун негизинде А.Лутфуллаев, С.Алимбаев көчөлөрунө жана №3 " Балапан балдар" бакчасына акча каражатын ажыратып берүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу А.Лутфуллаев атындагы көчөсүндөгү Ноокат районду Жарандык абалдын актысын жазуу бөлүмүнүн батыш тарабындагы жолду кенейтүү максатында арыкка азбест трубасын сатып алуу жана орнотуу үчүн Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июлундагы кезексиз (IV чакырылыш) IV сессиясынын №1 токтомунун субсидья статьясында каралган акча каражатынын эсебинен 144260 (бир жүз кырк терт миң эки жүз алтымыш ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. С.Алимбаев жана Жумабай палван атындагы көчөлөрүнүн кесилишинин батыш тарабына көпүрө куруу үчүн Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июлунудагы Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз (IV чакырылыш) IV сессиясынын №1 токтомунун субсидья статьясында каралган акча каражатынын эсебинен 56450 (элүү алты миң төрт жүз элүү) сом акча каражаты субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.
3. №3 " Балапан балдар " бакчасынын ички жана тышкы ремонтуна жумшоо үчүн 16 ООО ( он алты ) миң сом, даараткананы ремонтто үчүн 16 ООО (он алты ) миң сом, жалпысы болуп 32 ООО (отуз эки ) сом акча каражаты Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июлунудагы Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз (IV чакырылыш) IV сессиясынын № 1 токтомунун субсидья статьясынан ажыратып берилсин.
4. Ажыратылган акча каражатты түзүлгөн келишимдин негизинде көтөрүп берүү жагы Ноокат шаар мэриясынын башкы эсепчиси Д. Калбековага тапшырылсын.
5. Ажыратылган акча каражатын өз максатында натыйжалуу пайдалануусун көзөмөлдөө жана отчетторун өз мөөнөтүндө тапшыру жагы Ж.Абдулакимов кече комитетинин төрагасы Н.Курбановко милдеттендирилсин.
6. Токтомдуп аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |