Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-апрели № 7/1
Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгына карата анын ысымын Кадамжай шаарындагы № 17 "Кадамжай" орто мектебине ыйгаруу жөнүндө
Кадамжай шаарындагы № 17 "Кадамжай" орто мектебине Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү №17 "Кадамжай" орто мектебинин мугалимдер жамаатынын жана техникалык персоналынын, Кадамжай шаарынын жашоочуларынын, Кадамжай райондук элге билим берүү бөлүмүнүн жыйындарынын чечиминдерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамын 31 -беренесинин негизинде Кадамжай шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы №17 "Кадамжай" орто мектебинин Кадамжай райондук элге билим берүү бөлүмүнүн, Кадамжай шаарынын жашоочуларынын Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин ысымын №17 "Кадамжай" орто мектебине ыйгаруу жөнүндөгү сунуштары жактырылсын.
2. №17 "Кадамжай" орто мектебине Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин ысымы ыйгарылсын.
3. Кадамжай шаарындагы №17 «Кадамжай» орто мектебинин атын өзгөртүп, ал мектепке Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин ысымын ыйгарууга байланышкан чыгымдар №17 «Кадамжай» орто мектебинин админинстрациясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.М. Камбаров |