Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-апрели № 7/5
Б. Айтматов атындагы гимназия мектабинде кесиптик билим берүү боюнча акы төлөп окутулуучу ийримдерди ачуу жөнүндө
Мектеп окуучуларына инженердик техникалык багытта терендетилген билим берүү үчүн Б. Айтматов атындагы гимназия мектебинде кесиптик акы төлөп окутулуучу ийримдерди ачуу боюнча Кадамжай шаардык мэриясынын сунушун, Б. Айтматов атындагы гимназия мектебинин мугалимдер жамаатынын чечиминин негизинде Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын Б. Айтматов атындагы гимназия мектебинде кесиптик билим берүү боюнча акы төлөп окутулуучу ийримдерди ачуу жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2. Кадамжай шаардык мэриясынын сунушун, Б. Айтматов атындагы гимназия мектебинин мугалимдер жамаатынын чечими бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин жооптуу катчысы А. Эшанкуловага жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.М. Камбаров |