Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-февралы № 24/13
Исфана шаар мэриясынын аймагында элге акылуу кызмат көрсөтүп жаткан жүк ташуучу жана жеңил автоунаалардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт, коммуникация департаментинин сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Исфана шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы шагыл, ак кум, таш, топурак жана табигый байлыктарды ташуучу автомашиналарга жана экскваторлорго айына 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө келишим түзүлсүн.
2. Уруксаты жок жана келишим түзбөй иш жүргүзгөн жүк ташуучу автоунааларга 1500 миң сом өлчөмүндө айып салынсын.
3. Курулуш материалдарын, комур, отун сатып жаткан жеке ишкерлерден пайдаланып жаткан жери үчүн күн сайын 50 (элүү) сом өлчөмүндө акы алынсын.
4. Шаардын элине акылуу кызмат көрсөтүп жаткан жеке менчиктеги женил автоунаалар ээлеп турган жайына күн сайын 20 (жыйырма) сом, ал эми «Портер» маркасындагы автоунаалардан күн сайын 50 (элуу) сом өлчөмүндө акы алынсын.
5. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет миңистрлигинин Баткен областтык бөлүмүнөн суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин айыл чарба, курулуш, транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Исфана шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Рахманкулов |