Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 17-январы № 14/42
Кызыл–Кыя шаарынын “Январский” ТОСунун аймагындагы А. Султанов (Юбилейная) жана Чехов көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөргө жаратылыш газын берүүчү газ түтүктөрүн жана жабдууларын “Кыргызгаз” ААКнун балансына кайтарымсыз өткөрүп берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын А. Султанов (Юбилейная) жана Чехов көчөлөрүнүн жашоочуларынын шаардык кеңешке 2013–жылдын 24 – декабрында шаардык кеңешке кириш болуп катталган катын карап, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечими менен маселе шаардык кеңештин сессиясына сунушталгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл–Кыя шаарынын “Январский” ТОСунун аймагындагы А.Султанов (Юбилейная) көчөсүнүн №5–,7–жана Чехов көчөсүнүн №9–,11– жана 13– көп кабаттуу үйлөргө жаратылыш газын берүүчү жалпы сметалык баасы 284427,0(эки жүз сексен төрт миң төрт жүз жыйырма жети) сом болгон орто жана төмөнкү басымдагы узундугу 274(эки жүз жетимиш төрт) метр газ түтүктөрү, 1(бир) даана ГРП, 3(үч) даана крандар жана 1(бир) даана задвижка “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун балансына кайтарымсыз (безвозмездно) өткөрүлүп берилсин.
2.Кызыл–Кыя шаарынын “Январский” ТОСунун аймагындагы А.Султанов (Юбилейная) көчөсүнүн №5–,7–жана Чехов көчөсүнүн №9–,11– жана 13– көп кабаттуу үйлөргө жаратылыш газын берүүчү газ түтүктөрү өткөн жерлерди “Кыргызгаз” ачык акционердик коомуна ижарага берүү маселесин мыйзам чегинде карап чечүү шаардын мэриясына тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча жана коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |