Редакцияот 17.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылы 17-январы № 14/43

Кызыл–Кыя шаарына караштуу Караван айылынын мал базарынын үстүндөгү жаңы  көчөгө эмгектин ардагери Дүйшеев Каранын ысмын ыйгаруу жөнүндө.

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкармалыгынын 2013–жылдын 1–ноябрындагы №295 катын шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы карап, маселени шаардык кеңештин сессиясына сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин эске алып, шаарга караштуу Караван айлында туулуп жашап өткөн, айыл чарба өндүрүшүндө эмгектенип, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, мал чарбасын сапаттуу тоюттар менен камсыз кылууга кошкон салымы үчүн, анын басып өткөн жолун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү,  анын ысмын түбөлүккө эскерүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛЫТ:

1.Кызыл–Кыя шаарына караштуу Караван айылынын мал базарынын үстүндөгү жаңы  аты жок көчөгө эмгектин ардагери Дүйшеев Каранын ысмы ыйгарылсын.

2.Кызыл–Кыя шаарына караштуу Караван айылынын мал базарынын үстүндөгү жаңы  көчөгө эмгектин ардагери Дүйшеев Каранын ысмын ыйгарууга  чыгымдар К.Дуйшеевдин  балдары жана анын жакын туугандарынын эсебинен жүргүзүлсүн.

3.Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо башкармалыгана, шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт–визалык жана каттоо иштери боюнча Кызыл–Кыя шаардык бөлүмүнө жана шаардын муниципалдык менчик департаментине юридикалык жана физикалык тараптар менен иш жүргүзүүдө шаардык кеңештин ушул токтомуна ылайык жүргүзүү жагы тапшырылсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Кыя шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

А.Маткалыков