Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 17-январы № 14/44
Кызыл–Кыя шаарынын Т.Кулатов көчөсүндөгү Кызыл–Кыя–Караван жолунун сол тарабындагы Караван айылына караштуу жаңы конушка эмгектин ардагери Умаров Маматтин ысмын ыйгаруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкармалыгынын 2013–жылдын 1–ноябрындагы №294 катын шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы карап, маселени шаардык кеңештин сессиясына сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин эске алып, шаарга караштуу Караван айлында туулуп жашап өткөн, айыл чарба өндүрүшүндө, айрыкча мал чарбасында эмгектенип, айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнө, жаштардын насаатчысы болуп, жаш муундарды эмгекти сүйүүгө тарбиялоого кошкон салымы үчүн, анын басып өткөн жолун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү, анын ысмын түбөлүккө эскерүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл–Кыя шаарынын Т.Кулатов көчөсүндөгү Кызыл–Кыя–Караван жолунун сол тарабында, (“Кыл–Полот” кафесинин чыгыш жагында жайгашкан) Караван айылына караштуу жаңы конушка эмгектин ардагери Умаров Маматтин ысмы ыйгарылып, ал конуш “Умаров Мамат көчөсү”,–деп аталсын.
2.Кызыл–Кыя шаарынын Т.Кулатов көчөсүндөгү (Кызыл–Кыя–Караван жолунун сол тарабында, “Кыл–Полот” кафесинин чыгыш жагында жайгашкан) Караван айылына караштуу жаңы конушка эмгектин ардагери Умаров Маматтин ысмын ыйгарууга байланышкан чыгымдар М.Умаровдун балдары жана анын жакын туугандарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3.Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо башкармалыгана, шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт – визалык жана каттоо иштери боюнча Кызыл–Кыя шаардык бөлүмүнө жана шаардын муниципалдык менчик департаментине юридикалык жана физикалык тараптар менен иш жүргүзүүдө шаардык кеңештин ушул токтомуна ылайык жүргүзүү жагы тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |