Редакцияот 27.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин I-чакырылышын кезексиз XV-сессиясы

 

2014-жылдын 27-январы №15/7

Кадамжай шаарындагы Кайзерабад жайканасына навес куруу жөнүндө

Кадамжай шаардык Кеңешинин депутаттары У.Шамшиевдин жана У.Курбанованын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Кадамжай шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кадамжай шаарындагы Кайзерабад жайканасына навес куруу үчүн 181 151 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.(смета тиркелет)

2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кадамжай шаарынын вице-мэри Ч.Тагаевке жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин бюджет, каржы жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т.М.Камбаров