Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы №11
Кадамжай ондуруштук пайдалануучу коммуналдык турак-жай чарбасын Кадамжай шаардык мэриясынын балансына өткөрүү жөнүндө.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын макулдук катынын, Кадамжай онлуруштук пайдалануучу коммуналдык турак-жай чарбасынын кайрылуусунун Кадамжай шаардык мэриясынын макулдук катынын жана «КСК» ААК менен КПЭЖКХ ишканасынын ортосундагы түзүлгөн макулдашуунун негизинде Кадамжай ондуруштук пайдалануучу коммуналдык турак-жай чарбасын Кадамжай шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берүү маселеси боюнча Кадамжай шаардык Кеңеши карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«КСК»ААК менен КПЭЖКХ ишканасынын ортосундагы 2014-жылдын 18 февралындыгы № 06-ЮР сандуу түзүлгөн макулдашуу бекитилсин.
2.Кадамжай ондуруштук пайдалануучу коммуналдык турак-жай чарбасы Кадамжай шаардык мэриясынын балансына өткөрүлсүн.
3.Кадамжай ондуруштук пайдалануучу коммуналдык турак-жай чарбасына тиешелүү болгон негизге каражаттарды өткөрүп алуу үчүн Кадамжай шаарынын мэриясы тарабынан коммисия түзүлсүн.
4.Кадамжай сурьма комбинаты менен КПЭЖКХ ишканасынын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде таза суу менен камсыздоо жана агынды сууларды тазалоочу жайлар КПЭЖКХ ишкнасына өткөрүлүп берилгенден кийин КПЭЖКХ ишканасы Кадамжай шаардык мэриясынын балансына толук өткөрүлгөнгө чейинки убакытта Кадамжай сурьма комбинатынын өткөрүлүп алынган штаттык бирдиктер, насостук станциянын сарптаган электр энергиясы жана башка чыгымдар Кадамжай шаардык мэриясы тарабынан убактылуу субсидияга алынсын.
5.КПЭЖКХ муниципиалдык ишканасын мындан ары ишинин натыйжалуулугу жана эффективдүүлүгү боюнча сунуш даярдап, кезектеги сессияга алып кирүү жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.
6.Токтомду көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык Кеңешинин бюджет, каржы жана пландоо боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.М.Камбаров |