Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы №11
"Кадамжай шаардык мэриясынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетини бекитүү жөнүндө"
Кадамжай шаардык Кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы э.Ураимовдун жана Кадамжай шаардык мэриясынын каржы бөлүмүнүн башчысы М.Жумаматовдун маалыматын угуп талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кадамжай шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2013-жылга аткарылышы кирешелер болугу атайын каражаттарды кошкондо 68042,1 сом өлчөмүндө жана чыгашалар болугу атайын каражаттарды кошкондо 63369,4 миң сом, өлчөмүндө бекитилсин.
2.Кадамжай шаардык мэриясынын 2014-жылгы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 56349,4 миң сомго чыгашалар болугу 56349,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана 2015-жылгы- 62284,4 миң сом 2016-жылга 69288,4 миң сом бөжөмөлдөө № 1- № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Кадамжай шаардык мэриясынын резервдик фонду бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 1% 563 300 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4.Чыгашаларды корголгон беренелерге каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө өзгөрүүсү мүмкүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.М.Камбаров |