Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну №37
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аймактык коомдук органдарын эсептик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аймактык коомдук органдарын эсептик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо бекитилсин.
2. Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына чечим кабыл алуу жолу менен аймактык коомдук органдарын эсептик каттоо жүргүзүү укугу ыйгарылсын.
3. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин сессиясына маалымдасын.
4. Бишкек шаардык кеңештин 2003-жылдын 9-июлундагы № 184 "Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңешин эсептик каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
М. Аманкулов |