Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 66 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-ноябры № 49
Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-беренесинин 3 бөлүгүнө жана 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарынын аймагында төмөнкү салыктар ишке киргизилсин:
а) мүлккө салык;
б) жер салыгы.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды тескөө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (М.А. Исмаилов) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
М.А. Аманкулов |