Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-июну № 10
(Суусамыр жайлоосу жөнүндө, мал башына төлөм акылаар, 2013 жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө)
Үч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суусамыр жайлоосуна май айынын 25-эрте барган жана жалпы эле Уч-Коргон айыл аймагынын жайыт пайдалануучу бирикмесине караштуу жайыттардагы алтыганалардын бак дарактардын кыйылуусун, таш топурактар, чымдар казылсын ошондой эле купкалар жана куур көпүрөлөрдүн бузулбоосун, жайыт жерлер айдалбоосун көздөө максатында айып пул чегерип, кара мал башына 200 сомдон, кой-эчки башына 20 сомдон, жана жайыт билетин берүү токтолулсун. Суусамыр жайлоосун 1-айга, 10-майдан 10-июнга чейин 3000 сомго кайтарылсын. Алмаалы жайытын 10-апрелден 10-майга чейин 3000 сомго кайтарылсын. Суусамыр жайлоосуна Мураталиев С. Алмалы жайытына Акылов К. (келишимдин негизинде) бекитилсин.
2. Суусамыр жайлоосундагы фермерлерден, бюджетти толтуруу максатында жол жээгинде отурукташып калкка кызмат көрсөткөн, ар бир конок үйүнө 3000 сомдон жана купка пайдаланган Жумашев Мураттан 3000 сом төлөм түшүрүлсүн (келишимдин негизинде)
3. Мал башына төлөм акылар төмөндөгүдөй тариф менен бекитилсин кой-эчкиге 20-сомдон, үй, жылкыга 100-сомдон, жаш бодого 70 сомдон, Айыл чегиндеги фермерлерден төмөкүдөй төлөнсүн. Кой-эчки башына 10-сом, жылкы ири муйуздуу малга 50-сом, бир жашар ири муйуздуу малга 35-сомдон.
4. Ак-Бака кыштоосуна Ж-К 50000 сом фермерлер 15000 сом кошумчалап 65000 сомго мал суугарылуучу каптаж курулсун.
5. Айыл чегинде жайыттарга айылдык кеңешинин депутаттары түшүндүрүү жолу менен жардамдашып, айыл башчылар чогултууга жардам беришсин.
6. Жайыт комитетинин төрагасы-салыкчы айлык акысы 6000 сом, эсепчи 4000 сом, өлчөмүндө төлөнсүн.
7. Жайыт комитетинин мурунку комиссия курамындагылар өзгөртүлүп Орозалиев С., Акимова Н., Биримкулов А., Жороев Н., Асанов К., Токтогулов Б., Касымов А.) азыркы күнгө ордуларына төмөнкүлөр Акимбаев А., Юсупов И., Асранкулов Б., Шермадин уулу И., Мавланкулов Н., Чополоев Б., Уметалиев М., Абдылдаев А. болуп толукталсын.
8. Жайыт жерлеринин кыртышын бузган фермерлерден 1га 10000 сом өлчөмүндө төлөм түшүрүлсүн.
9. 2013-жылдын бюджети 288580 сом бөлүп бекитилсин (тиркеме тиркелет).
10. Кыдыралы каналынын ынгайлуу жеринен кой жуутка жер чегерип берүү айылдык кеңештен суралсын.
11. Кайынды айылынын фермери Жонотбаев Камчыбекке 2012-жылга каралган 6132-сомду төлөбөгөнү үчүн жайыт билетин берүү токтотулуп иши сотко жөнөтүлсүн. Талас районунун фермери Сейталиев Бакыт Уч-Коргон ЖПБне тиешелүү жайыттарга билетсиз көчүп олтуруп төлөм төлөбөгөнү үчүн көчүрүлсүн. Жайыт комитетине комиссия чыгарып укук коргоо органынан кошулсун.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин төрагасы А.Джумашаевге милдеттендирилсин.
Үч-Коргон айылдык кеӊешинин төрагасы |
Курманалиев З.С. |