Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 2
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу боюнча Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Соорбековдун 100-күндүк аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX-чакырылышынын VIII-сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Соорбековдун 100-күндүк отчетун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Соорбековдун 100-күндүк аткарган иштери канаатандырарлык эмес деп табылсын.
2. .Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-берененин 4-пунктунун 2- пунктчасынын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Соорбековго ишенбестик көрсөтүлсүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-берененин 7-пунктунун 9- пунктчасынын негизинде Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысыны Т.Соорбековдун ээлеген кызматын кароо жагы Бакай-Ата райондук райондук мамлекеттик администрация башчсысы У.А.Тынысовго сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Боо-Терек айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Кубанычбеков |