Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 3
Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн убактылуу конкурстук комиссиясы тарабынан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылыгына өткөрүлгөн конкурстук комиссиянын жыйынтыгын угуу жөнүндө
Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн убактылуу конкурстук комиссиясы тарабынан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылыгына өткөрүлгөн конкурстук комиссиянын жыйынтыгын угуп жана талкуулап Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин XXX-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн убактылуу конкурстук комиссиясынын иши канаатандырарлык эмес деп табылсын.
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кызматы ваканттуу деп конкурс кайрадан жүргүзүү үчүн Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Соорбековго жүктөлсүн.
3. Комиссия мүчөлөрүнө конкурсту мыйзам бузуулар менен өткөргөндүгү үчүн Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан административдик чара көрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Боо-Терек айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Кубанычбеков |