Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 4
Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине айылдык аймактык кеңешинин 2013- ж 16-апрелиндеги №8 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине айылдык аймактык кеңешинин 2013-жылдын 16-апрелиндеги №8 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин 2013-жылдын 16-апрелиндеги №8 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген штаттык бирдигинен - айыл өкмөт орун басарынын кызмат орду кыскартылсын - айыл өкмөтүнүн башкы адиси- юрист кызмат орду кыскартылсын
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековго жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Боо-Терек айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Кубанычбеков |