Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 5
Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан жайыт комитетинин кайрылуусу, анда алыскы жайыттардагы Бостумбулак, Талдыбулак участкасындагы тамдарды жайыт комитетинин балансына өткөрүп берүү жана жайыт жерлерди жашылдандыруу көрктөндүрүү үчүн төлөнүүчү ижара акысын 1-сомдон 10(он) сом өлчөмүнө көтөрүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX-чакырылышынынын кезексиз VIII сессиясы Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан жайыт комитетинин кайрылуусу, анда алыскы жайыттардагы Бостумбулак, Талдыбулак участкасындагы тамдарды жайыт комитетинин балансына өткөрүп берүү жана жайыт жерлерди жашылдандыруу көрктөндүрүү үчүн төлөнүүчү ижара акысын 1-сомдон 10(он) сом өлчөмүнө көтөрүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алыскы жайыттардагы Талдыбулак, Бостумбулак участкасындагы тамдар жайыт комитетинин балансына алынсын.
2. Жайыт жерлерди жашылдандыруу көрктөндүрүү үчүн төлөнүүчү ижара акысы ар бир сотугуна 1(бир) сом өлчөмүнөн 10(сом) өлчөмүнө көтөрүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы Боо-Терек айылдык аймагынын жайыт комитетинин жетекчиси У.А.Барпыбековго жүктөлсүн.
Боо-Терек айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Кубанычбеков |