Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июлу № 38/6-7
Талас шаарынын жергиликтүү бюджеттинин 2013 жылдын 6 айынын аткарылышы жөнүндө
Талас шаарынын 2013 жылдын 6 айынын жергиликтүү бюджеттинин аткарылышын карап талкуулап чыгып, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2013 жылдын жергиликтүү бюджеттинин аткарылышын официалдуу трансферттери жана атайын каражаттарды кошкондо кирешелер боюнча 90555,1 миң сом суммасында анын ичинде мамлекеттик салыктар жана жыйымдар 33800,2 миң көлөмүндө жана жалпы чыгашалар боюнча 80730,1 миң сом суммасында бекитилсин.
2. 2013- жылдын 6 айынын жергиликтүү бюджетин аткаруу учурунда мамлекеттик салыктар жана салык эмес кирешелер планга карата аткарылышы бекитилсин.
3. Талас шаарынын мамлекеттик салык кызматы боюнча башкармалыгынын башчысы (Мураталиев М.Ж.) 2013 жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше булагын аткарууну камсыз кылсын.
4. Кабыл алынган токтом Талас шаардык «Жаңы Багыт» газетасына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы шаардык кеңештин бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов) тапшырылсын.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |