Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июлу № 39/6-7
Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын 2012-жыл жана 2013-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө
Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын 2012-жыл жана 2013-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын маалыматын карап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын 2012-жыл жана 2013-жылдын 6 айында аткарган иштериндеги жакшы саамалыктары менен бирге айрым кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин жана аны тез арада четтетүү жагы милдеттендирилсин.
2. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2013-жыл 26-июлундагы VII сессиясынын чечими менен Сурапов Карачоро Кабылбекович Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын координатору болуп бекитилсин.
3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү ишин мыйзам чегинде тартипке келтирүү жана келишимдин негизинде натыйжалуу иш аракетке келтирүү жагы Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын координаторуна (К.К. Сурапов) тапшырылсын.
4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын 2012-жылдын жана 2013-жылдын 6 айында аткарган иштери “канаатандырарлык” деп табылсын.
5. Кабыл алынган токтом “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (М. Есенкулов) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |