Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июлу № 41/6-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2013-жылдын 16-апрелинин №29\6-6 сандуу токтому менен бекитилген 1200,0 ссудадан үнөмдөлгөн 530,0 мин сомду бөлүштүрүү жөнүндө
2012-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан суммасынын эсебинен бөлүнгөн 1200,0 сомдон үнөмдөлгөн 530,0 миң сом акча каражатын бөлүштүрүүдө Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу мэриясынын жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин «Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктардын негизги принциптери» мыйзамынын №17 беренесин аткарууга алып, депутаттардын Талас шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун уставынын 3-беренесинин 8-бөл. талаптарына ылайык, Талас шаардык өз алдынча башкаруу-мэриясы аркылуу Талас шаар тургундарынын мүчөлүк взносу үчүн 17,5 миң сом бөлүнүп берилсин.
“АРИС” программасынын алкагында“Талас шаарынын суу менен камсыздоо жана агынды суулар системасын реаблитациялоо” долбооруна өздүк салым катары төлөө үчүн 300,0 миң сом муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу бөлүнүп берилсин.
Аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын шаар калкынын турмуш тиричилик калдыктарын тазалоодо пайдаланып жаткан муниципалдык менчикте турган автоунааларын утурумдук ондоодон өткөрүүгө 192,5 миң акча каражаты муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу бөлүнүп берилсин.
Шаардык каржы болумунө ( Ж. Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуужагы депутаттардын Талас шаардык Кеңешинин «Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу» туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетовго) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |