Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 26-2/8
Кайыңды айылдык аймагынын 2013-жылдын бюджетин добоорун бекитүү жөнүндө
Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясынын көртүндүсүнүн негизинде Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин долбоорун карап чыгып, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин кирешелер булагы боюнча 14432,1 миң сомго жана чыгашалар боюнча 14432,1 миң сомго, теңдөөчү грант 1377,4 сомго бекитилсин.
2. Кайыңды айылдык аймагынын аймагында жайгашкан мекеме–уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүүнү жүргүзүү жана аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн ФЭ бөлүмүнүн башчысы А.Субанбековага милдеттендирилсин.
3. Кайыңды айылдык аймагында жайгашкан мекеме-уюмдар 2012-жылы жетишсиз каржыланган чыгымдары 2012-жылга каралган каражаттардын чектеринде компенсанциялансын.
4. Жергиликтүү бюджетке чыгашадан киреше булагынан көп түшкөн каражаты финансы тарабынан ар кандай статьяларга чыгымдоого макулдук берилсин.
5. Жергиликтүү бюдждеттин киреше булагы аздыгынан чыгаша булагы көп болгондуктан, электр энергияны, көмүрдү, айлык акыны жана башка чыгаша булактарын каржылоо үчүн теңдөөчү грант берүү жагы суралсын.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |