Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 26-2/11-2
Арал, Чечдөбө айылдары боюнча СООВВП нын аткарган иштери жөнүндө
Арал, Чечдөбө айылдарынын жарандарын ичүүчү «Таза-Суу» менен камсыз кылууда бир топ проблемалар болуп, трубалардын эскилигинен суу жер алдына кетип, трудаларды, кудуктарды жаңыртуу үчүн акча каражатынын тартыштыгы жана суу пайдалануучулар тарабынан, ай сайын пайдаланган суу үчүн төлөмдөр, өз учурунда чогулбай жаткандыктан Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал, Чечдөбө айылдарынын тургундары ичүүчү «Таза-Суу» үчүн дебитордук карыздары тез арада жоюу боюнча, айыл башчы (А.Усубалиев), «Кудук» жамаатынын лидерлери, айыл аксакалдар, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү колго алынсын.
2. «Таза –Суу» программасын ишке ашыруу үчүн «Бүткүл Дүйнөлүк Банк» тарабынан берилген кредиттин төлөмдөрүн кайтарымы боюнча ишти көзөмөлгө алуу, СООВВП жетекчиси И.Жуманалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дуйшөбаевге дайындалсын.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |