Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 26-2/11-3
А .Усенбаев атындагы этнографиялык-фольклөрдүк музейинин жамаатынын кайрылуусу боюнча
Кайыңды айылдык аймагына краштуу «Кичи-Кайыңды» суунун өзүнүндө жайгашкан « Ырчы-Булак» тын айланасындагы 0,60 га жайыт жер маданий–массалык эс алуу жаратылыш паркынын комплексин уюштуруу үчүн, 2001-жылы Кайыңды айыл өкмөтүнүн токтому менен А.Усенбаев атындагы музейине өткөрүлүп берилген, бирок ошол эле жылы айыл өкмөтүнүн буйругу менен, жогорууда аталган жер участогу, Чечдөбө айылынын тургундары Мамытов Таласбек Анаркулович жана Мамытов Манасбек Анаркуловичке там салу үчүн, жер участок болуп берилип кеткен, жер участокко уруксат берүү, Кыргыз Республикасынын « Жер» кодексин талабына ылайык келбей, мыйзам одоно түрдө бузулушуна ошол учурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жол берилгендиги боюнча, А.Усенбаев атындагы этнографиялык - фольклөрдүк музейинин жамаатынын кайрылуусунун негизинде, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Усенбаев атындагы этнографиялык – фольклөрдүк музейинин жамаатынын кайрылуусунун негизинде, маселе менен танышуу жана жыйынтык чыгаруу үчүн, төмөндөгүдөй депутаттык комиссия түзүлсүн:
Кенжегараева У.Т.- а\кеңешинин төрагасынын орун басары, комиссянын төрайымы.
Мүчөлөрү:
Израилов Н.Ё.-а\кеңешинин «Айыл чарбасы» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
Узенбеков К.К. - а\кеңешинин «Айыл чарбасы» боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү
Сыйдалиев Н.О.-а\кеңешинин«Айыл чарбасы» боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү
Усубалиев А.Д.–Арал айылынын айыл башчысы
Нуралиев А. И.-А.Усенбаев атындагы этнографиялык - фольклөрдүк музейинин жетекчиси.
2. Түзүлгөн комиссия, берилген тапшырманын жыйынтыгын, Кайыңды айылдык кеңешинин кийинки отурумунун кароосуна дайындалсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары, депутат У.Кенжегараевага милдеттендирилсин.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |