КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 26-2/11-4
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде иш жүргүзүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 16 беренесине ылайык, айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүргүзүү үчүн, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагынын тургундарынын инсандыгы, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастаган « Кайыңды айыл өкмөтү» тарабынан берилүүчү аныктамалар жарандарга бекер берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дуйшөбаевге милдеттендирилсин.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |