Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 26-2/11-5
Кайыңды айыл өкмөтүнө ЖАК «Мекс-Ресурс» тарабынан жарандардын жол каттамдары үчүн жардам катары берилген акча каражатын пайдалануу боюнча
Кайыңды айылдык аймагынан Покровка-Талас багытындагы автобустун каттамы үзгүлтүккө учурап, автобустардын эскилиги жетип, жолдун бузулгандыгынан менчик автобустары бар адамдар, рейске чыкпай, айылдардын тургундарынын социалдык–экономикалык маселелерин чечүүгө бир топ проблемалар болуп жаткандактан 2012-жылы, ЖАК «Мекс—Ресурс» тарабынан 60 миң сом акча каражаты, айыл өкмөтүнө автобустардын каттамдарын жөнгө салууга жардам катары которулуп берилген
Нылды, Сарыбулак, Кайыңды айылдарынын тургундары Умакеев Жекшенбектин макулдугу менен, менчик автомашынасын пайдаланып, а\өкмөтүнө, районго катоого макулдук берүү боюнча өтүнүп жатышат. Нылды-Покровка багытындагы рейс, жумасына бир жолу саат 8-00 каттоо үчүн ГСМ ге жардам көрсөтүүнү боюнча элдин сунушунун негизинде, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагынын тургундарынын талабын аткаруу максатында, жумасына бир жолу, Нылды-Покровка багыты боюнча, Умакеев Жекшенбектин менчик автомашынасынын каттамына уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дуйшөбаевге милдетендирилсин.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |