Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 26-2/11-6
№ 5 Өндүрүштүк—Линиялык Автомобиль Жолдорунун башкармалыгынын №19-жол тейлөө ишканасынын катын кароо боюнча
Кайыңды айылдык аймактык кеңешине жана айыл өкмөтүнө № 5 Өндүрүштүк—Линиялык Автомобиль Жолдорунун башкармалыгыиын №19-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Талас-Нылды-Покровка багытындагы жол каттамында жол коопсуздугун сактоо максатында атайын пункт уюштуруу үчүн, 25-27 чакырым аралыгынан 0,10 га жер участок турак жай куруу үчүн сурап кайрылган. Кайыңды-Нылды трассанын участогу татаал шарттуу болуп эсептелинет, айрыкча кыш мезгилинде «Кара-Булактын» тушу, «Бел-Башат» ашуусуна кум чачып, грейдерлер жолду сүрүп жаткан мезгилде техникасын оңдоп, бузулуп жолдо калган автомашиналарга жардам көрсөтүү үчүн атайын кызматтарды уюштуруу үчүн Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагына караштуу Талас-Нылды-Покровка багытындагы жол каттамында жол коопсуздугун сактоо максатында атайын пункт уюштуруу үчүн, 25-27 чакырым аралыгынан 0,10 га жер участок турак жай куруу үчүн бёлщнщп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер участогун максаттуу пайдалануу, № 5 Өндүрүштүк—Линиялык Автомобиль Жолдорунун башкармалыгыиын №19-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси К.Дуйшеновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дуйшөбаевге милдетендирилсин.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |