КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-апрели № 26/3-12
«Жер–Үй» алтын кенин ачылышына макулдук берүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун «Жер –Үй» алтын кенин иштетүүгө макулдук берүү боюнча, Кайыңды айылдык аймагынын 2013-жылдын 04-апрелинде ар бир конуштуу айылдарда жалпы элдик жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү. Кайыңды айылдык аймагынын жарандары« Жер–Үй» алтын кенин иштетүүдө төмөндөгүдөй шарттардын сакталышын талап кылышты:
1. «Жер–Үй» алтын кенин иштетүү учурунда экологиялык стандарттар сакталсын,
2. Техникалык коопсуздук камсыздалсын.
3. Кайыңды айылдык аймагынын бир өкүлү, комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Социалдык пакетти тең бөлүштүрүү боюнча, так маалымат берилсин.
5. Кайыңды айылдык аймагынын тургундары жумушка кабыл алынсын.
6. Жалпы Талас облусунун бюджетине түшкөн кирешенин ачыктыгын камсыздалсын.
Кайыңды айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз 3-отурумунда депутаттар, жалпы элдик жыйнынын протоколдорун бекитип берүү боюнча маселени карап бир добуштан токтом кабыл алышты.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагынын жарандарынын жалпы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. «Жер–Үй» алтын кенин иштетүүгө макулдук берилсин.
3. Кайыңды айылдык аймагынын жарандарынын« Жер–Үй» алтын кенин иштетүү боюнча, жогорууда коюлган элдин талабынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу М.Дуйшобаевге милдеттендирилсин.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |