Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-январы № 4
(Үч-Коргон айылдык кеңешинин эл депутаттары элдин малы жайыттан тышкары элдин куздук, жаздык себилген айдоолоруна киргендиги жөнүндө жана жалпы элдин дыйкан чарба, айдоолорунун арыктары тазаланбаганын, карап талкуулап)
Үч-Коргон айылдык кеңешинин эл депутаттары элдин малы жайыттан тышкары элдин куздук, жаздык себилген айдоолоруна киргендиги жөнүндө жана жалпы элдин дыйкан чарба, айдоолорунун арыктары тазаланбаганын, карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагындагы элдин малы күздүк, жаздык себилген айдоолоруна уруксаты жок малын жайса, бош жүргөн мал кирип кетсе, айдоо кайсы дыйканга таандык болсо ошол айдоонун ээсине
Жылкы башына 1000 (миң) сомдон, кара мал башына 1000 (миң) сомдон, кой башына 500 сомдон айып пул төлөнсүн.
2. Үч-Коргон айылдык аймагындагы айыл тургундары, эгерде кимде ким айдоо, дыйкан чарба арыктары тазаланбаса 1( бир) метр арыкка 200 (эки жүз) сомдон айып пул төлөнсүн.
3. Жолдун жээгинде топурак, шагал иреттелсин жана таштандыларды көчө боюна таштоого тыюу салынсын айып пул (500-1000) сом.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Үч-Коргон айылдык кеӊешинин төрагасы |
Курманалиев З.С. |