Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты № 7
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетин киреше бөлүгү айыл өкмөтунө түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.
2. Үч-коргон айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин кирешелербоюнча 27200,9 сом жана чыгашалар боюнча 27200,9 сом өлчөмүндө бекитилет. Анын ичинде категориалдык грант 22372,5 сом. Теңдөөчү грант 767,8 сом. Жергиликтү бюджеттен 4060,6 сом.
3. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөт.
4. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жыл ичинде каржылоо зарыл учурунда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү Үч-Коргон айыл кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралгандан кийин айылдык кеңештин буйрук, токтомдорунун негизинде аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Акматовго милдеттендирилет.
5. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлөт. (айлык акы, соц.фонд жана тамак аш).
6. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы аз, чыгаша булагы көп болгондуктан киреше булагынын аздыгынан электр энергиясынын жана башка статьяларга чыгаша булактарын каржылоо үчүн тендөөчү грант берүү жагы суралат.
7. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Акматого милдеттендирилсин.
8. Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ш.Качкынбаевге милдеттендирилсин.
Үч-Коргон айылдык кеӊешинин төрагасы |
Курманалиев З.С. |